Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июлу № 3/1
Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча 2019-жылдын 14-июнунда Гүлчө айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын № 1 протоколунун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңешинин 3-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча 2019-жылдын 14-июнунда Гүлчө айылында өткөрүлгөн элдик жыйындын № 1 протоколу аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү менен ыксыз чыгымдарды кыскартуу менен айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү отурумдун негизги максаты болуп эсептелсин.
3. Ашыкча каада салт, ырым-жырымдарды ыксыз чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөтүндөгү ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештеринен, айыл аксакалдарынан, айыл имамдарынан кошулуп, атайын комиссия түзүлсүн, жамааттарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө, ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
4. Айыл өкмөтүндөгү аппарат кызматкерлерине, мекеме-ишкана жетекчилерине жана кызматкерлерине, дин өкүлдөрүнө, жергиликтүү кенештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
5. Маркумду акыркы сапарга узатууда:
Жылкы жана бодо мал союуга, сый дасторкон салып конок күтүүгө (адияга) тыюу салынсын. Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ысык тамак уюштурууга жаштарга 1баш, карыяларга 2 баш кой гана союлсун.
Жакындары бул дүйнөдөн өткөндө куран окутууда жылкы, бодо мал союп, ашыкча чыгым сарптоого тыюу салынсын, батага келгендерге ысык тамак уюштурууга 1 баш гана кой союлуп, аш менен берилсин.
Аза күтүп жаткан үй-бүлөө мүчөлорү тарабынан жыртыш жыртуу, сандык ачуу, челпек бышыруу, оймо чапандарды жабуу сыяктуу ырым-жырымдарга тыюу салуу колго алынсын
Аза күтүп жаткан үйдө аза күтүү учурунда спирттик ичимдиктерди ичүүгө, мас абалында келүүгө тыюу салынсын
Үчтүк, бейшембилик, кырктык деген маркумду эскерүү ырым-жырымдары маркумдун жакын туугандары менен гана өткөрүлсүн, башкалар чакырылбасын
Тажияда дасторкондон нан алуу, пакет көтөрүп кетүү токтотулсун, кара ашка союлган союштан башка союлбасын.
Маркумдун жылдыгын белгилөөдө себет, чай ичирүү үчүн союш алып келүүнү, жана ак кийдиге эл көзүнө зер буюмдарын тагуу кымбат баалуу тондорду бири-бирине жабууну токтотууга чаралар көрүлсүн
Бир айылда жашаган маркумдун уул-кызы, бир туугандарынын куран окутуусуна тыюу салынсын
Элдик каада- салтта маркумдун мүрзө жайын бекитүүдө цементтеп, бышкан кыш менен тосууга жана айкелин мраморго жана башка таштарга сүротү чегилген эстеликтерди коюу ысырапкерчилик жана жаңылыштык экендигин түшүндүрүу менен колунда бар жарандар маркумга арнаган чыгымдарды муктаждарга берүүнү жайылтуу дин өкүлдөрүнө милдеттендирилсин.
6. Тойлорду , юбилейлерди өткөрүүдө:
Тойлорду жана юбилейлерди өткөрүүдө ашыкча шаан- шөкөттөргө жол берилбесин.
Үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүдө жаштардын ойноп келүүсү (фуршет) атайын кафелерде уюштурлбасын, жол коопсуздугун сактоо максатында машиналардын саны 3 төн ашпасын.
Сүннөт той, тушоо кесүү той, бешик той жана башка ушул сыяктуу тойлор жакындары менен гана үйүндө өткөрүлсүн. Жылкы, бодо мал союлбасын.
Ашыкча чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууга бөгөт коюга жеткиликтүү чечимдерин кабыл алуу жагы жергиликтүу айылдык кеңештердин сессиясында кароого сунушталсын.
Айтылган жана кабыл алынган айылдык кеңештин сессиясындагы, айылдан түзүлгөн комиссиянын, айыл аксакалдарынын кабыл алынган чечимдерин аткарбаган, карама-каршы иштерди жүргүзгөн, текебердикке жол берген айылдын тургундарын эл алдында уяткаруу менен катуу чара көрүлсүн.
Эл арасында каада –салт, үрп-адаттарды, ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча айыл аймагында аткарылган саамалыктар жөнүндө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына билдирүүлөр берилип турсун.
Төрага | Ш. Акаев |