Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 4/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча иштөөнүн абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү 2019-жылдын 17-июлундагы элдик жыйындын № 19 протоколунун негизинде аксакалдар сотунун төрагалыгына жана ардагерлер кенешинин төрагалыгына кабыл алуу жөнүндө Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар сотунун төрагасы Касымбеков Дыйканбай жана ардагерлер кенешинин төрагасы Абдылдаев Токур ден соолугуна байланыштуу иштей албагандыктан, алардын ордуна Кабылан-Көл айылынын тургуну, эмгек ардагери Абдымомунов Кенжекул аксакалдар сотунун төрагалыгына жана Курулуш айылынын тургуну Ташполотов Далибай ардагерлер кенешинин төрагалыгына 2019-жылдын 17-июлундагы элдик жыйындын № 19 протоколунун негизинде кабыл алынышсын.
2. Айыл өкмөтүндөгү Аксакалдар соту, аялдар кенеши , Жаштар комитетинин ыксыз ыгым-чыгымдар, айылдагы тарбиялык иштер боюнча мындан ары алгылыктуу иш аракеттерди алып баруу Аксакалдар сотунун төрагасы К. Абдымомуновго, Аялдар кенешинин төрайымы З.Абдыкадыровага жана жаштар комитетинин төрагасы С.Сактановго милдеттендирилсин.
3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г. Мадаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акаев |