Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 4/3
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин абалы жөнүндө талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылууда “Курбу-Булак” ИСКААКБсынын аткарган иштеринин айрым кемчиликтерди эске алуу менен иштин жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, жана бузулган колонкаларды өз убагында оңдоо, калкты тейлөөдө алгылыктуу кызмат көрсөтүү “Курбу-Булак” ИСКААКБсына милдеттендирилсин.
3. Короосуна суу түтүктөрүн киргизип, эсептегич койгон жарандарга таза суунун кубуна 30 сомдон төлөнсүн. Жалпы суу пайдалануучулардын сунушунун негизинде суу эсептегичтери ар бир үйлөргө коюлсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге , көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акаев |