Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-июлу № 4/4
Айыл башчыларынын элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Кадыркулов Убайдилла жана Темирмамат уулу Аматбектин “Элди жайлоого көчүрүүдөгү аткарган иштери жана калк менен жүргүзгөн иштери” боюнча талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач, Курулуш айылдарынын айыл башчысы Кадыркулов Убайдилланын жана Кабылан-Көл, Күңгөй айылдарынын айыл башчысытемирмамат уулу Аматбектин элди жайлоого көчүрүүдө жана айыл эли менен биргеликте жакшы иш алып барылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл башчыларга айрым жайлоого көчпөй калган жарандардын малдарын бирөөлөргө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү же жайлоого кетирүү айыл башчылар У.Кдыркуловго, Темирмамат уулу Аматбекке милдеттендирилсин.
3. Айыл башчылардын ишин көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Г.Мадаевге жана жер жана айыл чарбасы, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акаев |