Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № 6/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй баштооч мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым кошуу жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй баштооч мектебин капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттан жазылган долбоору боюнча маалыматты угуп жана талкулоонун негизинде Кабылан-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-көл айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй баштооч мектебин дем берүүчү (үлүштүк) гранттан жазылган долбоорунун негизинде капиталдык оңдоодон өткөрүлсүн.
Капиталдык оңдоодон өткөрүү суммасы 2426260 сомду түзөт. 2020-жылдын бюджетине киргизилип,7% өздүк салымдын 169852 сом каралып бөлүнүп берилсин.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун аткарылышы жер маселелери боюнча башкы адис С.Сактановго жана айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Акаев |