Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры № 7/3
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин, бала бакчанын шашке чайынын жана тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын карап жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароодо айрым кемчиликтерди эске алынсын.
2. Аталган мектептердин берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапаттуулугуна көңүл буруу жана камкордуктарды көрүү жагы мектеп директорлору З. Абдыкадыровага жана А. Раимбековго, бала бакча башчысы К. Жумалиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадаевге, Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Акаев |