Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-августу № 83
Айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылындагы ФАП жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн аймагында ар түрлүү кесипте эмгектенип, ошол кесипти татаал учурларда да таштабай эл үчүн кызмат кылган эмгек ардагерлерин барктап, сыйлап келет. Ушул максатта жана Семиз-Көл айылынын 2019-жылдын 16 -июлундагы чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылындагы жаңы курулган ФАПка көп жыл ушул мекемеде өмүрүнүн аягына чейин элдин саламаттыгын сактоо багытында эмгектенип өткөн Семиз-Көл айыл тургуну, эмгек ардагери Айдаров Нейматтын наамы берилсин. Мындан ары ал ФАП “Айдаров Неймат атындагы ФАП” деп аталсын.
2. Н.Айдаровдун туугандары, уул, кыздарына айылдык ФАПтын материалдык техникалык базасына келечектүү жардам көрсөтүп баруу жактары сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматого жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |