Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 86
Айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин тракторунун аткарган ишинин отчету жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши жайыт комитетинин тракторун келишимдик негизде иштеткен Большевик айыл тургуну К.Карабаевдин тракторду иштешкендиги жөнүнө маалыматын угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин тракторун келишимдик негизде ушул мезгилге чейин иштешип келген К.Карабековдун иштин көлөмү, мезгили боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. Келишимдин түзүлүшү, тексти мыйзамдуу негизинде оңдолуп, 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү аткарууга алынсын.
3. Келишимдин 1 жылдык мөөнөтү бүткөндөн кийин, 2019-жылда аткарылган иштин көлөмү (диз.топ, мото час, жалпы акча) боюнча аукционго коюлуусу сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “айыл чарбачылыгы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |