Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры №87
Какыр айылынын тургуну Абдыкадырова Токтоканга айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын берүү жөнөндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 14-майынын жалпы чогулушунун протоколун негиз кылып, карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 14-майындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде жана Какыр айылынын жаш муундарына билим берүүдөгү кошкон салымы бааланып, Какыр айылынын тургуну Абдыкадырова Токтоканга «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү чогулуштун токтому бекитилсин.
Мындан ары «Абдыкадырова Токтокан Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Какыр айыл тургуну Абдыкадырова Токтоканга «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматого жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |