Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 88
Какыр айылынын тургуну Жусупов Абдираимге айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 14-майынын жалпы чогулушунун протоколун негиз кылып, карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Какыр айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 14-майындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде жана Какыр айылынын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы бааланып, Какыр айылынын тургуну Жусупов Абдираимге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү чогулуштун токтому бекитилсин.
Мындан ары «Жусупов Абдираим Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Какыр айыл тургуну Жусупов Абдираимге «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматого жүктөлсүн.
Төрага | Б. Тургунбаев |