Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 89
Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Матиев Амангелди Ажикеевичке “айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулуу” наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана Ак-Жар айылында 2019-жылдын 22-июлунда өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынын тургуну Матиев Амангелди Ажикеевичике Ак-Жар элинин жалпы элдик жыйынын протоколунун негизинде “Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” наамы берилсин.
Ак-Жар айыл тургуну Матиев Амангелди Ажикеевич мындан ары «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Ак-Жар айыл тургуну Матиев Амангелди Ажикеевичике «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |