Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-сентябры № 91
Айыл өкмөтүнүн негизги трасса жолунан көмүр ташып өтүп жаткан оор (30,40тн) техникалардын трасса жолуна жана айыл аймагынын жашоочуларына келтирип жаткан залалдары жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Айыл өкмөтүнүн негизги трасса жолунан көмүр ташып өтүп жаткан оор (30,40тн) техникалардын трасса жолуна жана айыл аймагынын жашоочуларына келтирип жаткан залалдары жөнүндө айыл тургундарынын, айылдык кеңештин депутаттарынын суроо талаптарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн негизги трасса жолунан көмүр ташып өтүп жаткан “Узген Энерго Уголь” ж.б ишканалардын жетекчилерине айыл өкмөтүнүн эли күнүмдүк турмушунда пайдаланып келген трасса жолуна жана жол боюндагы курулуштарга келтирип жаткан залалдары жөнүндө жана аны кантип оордуна келтирүү керектиги жөнүндө кат жөнөтүлсүн.
2. “Узген Энерго Уголь” ж.б ишканалардын жетекчилиги өздөрүнүн тапкан пайдасынан келишимдик негизде айыл өкмөтүнүн турмуш шарты оор, жалгыз бой, кароосуз тургундарына жеңилдетилген баада көмүр түшүрүп берүүсү сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Турдумаматовго жана айылдык кеңештин “социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Тургунбаев |