Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-сентябры № 11/2
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында тазалык муниципалдык ишканасын ачуу жонундо
Жоош айыл окмотунун башчысы Ж.Тиллабаевдин билдирүүсүнүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезексиз ХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл окмотунун алдында тазалык муниципалдык ишканасын уюштуруу учун тийиштуу иш кагаздары буткорулгондон кийин кароо жагы белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сакто боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жакыпов |