Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-сентябры №12/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтарынын реестрин бекитүү жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жоош айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтарынын реестри бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери, инвестиция тартуу, долбоорлор менен иштөө жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жакыпов |
Жоош айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызматты стандартташты руугаыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер, ЖӨБ аткаручу органдары | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз) |
| Калктуу конуштагы проектилердин, аллеялардын, парктардын, шаардык жана айылдык сейил бактардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жашаган жерине маалымат берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| /й-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Бдодо малдын боулушу жөнүндө маалымкат берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Майда жандыктардын болушу жөнүндө маалымкат берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды ишке алуу жөнүндө чечимдерин берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Кыргыз Республикасынын жарандарын муниципалдык менчикте турган турак жайды меничкке берүү жөнүндө, же баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же пайдаланууга берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү же берүүдөн баш тартуу | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк обьектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |
| Зордук-зомбулукка кабылган й-бүлөлөргө жардам берүү | ЖӨБ | ЖӨБ аткаручу органдары | акысыз |