Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2003-жылдын 15-октябрындагы № 330
Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коопчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу" мекемесинин УСТАВЫ 1. Жалпы жоболор 1. Мындан ары "Агентство" деп атала турган Кыргыз Республикасынынкоомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (КӨИА) максатыпландаштыруу жагында жергиликтүү жамааттардын, потенциалын күчөтүү,ошондой эле жамааттык топтор башкарган жергиликтүү инфраструктуралардажана ишканаларда киреше алып келүүчү жана жумуш орундарын түзүүчү ин-вестицияларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана башкаруу жолу менен соци-алдык жана экономикалык маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттарга жа-на жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү аркылууКыргыз Республикасында жакырчылыкты туруктуу жоюу программасын колдооболуп саналат. 2. Агентство укуктук жактан коммерциялык эмес уюм болуп саналат,юридикалык жактын статусуна ээ. Агентство юридикалык жактын статусун,ошондой эле өзү мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн баштап өз ишинжүзөгө ашыруу боюнча укуктар менен милдеттенмелерге ээ болот жана соттодоочу жана жоопкер катары чыга алат. 3. Агентствонун уюштуруучулары болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы; - "Кыргыз Республикасынын айылдары менен поселкаларынын жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясы" юридикалык жакта-рынын бирикмеси (катталган номери: 17422-3301- ОЮЛ, код ОКПО 22997525,юридикалык дареги: Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44); - "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмеси (катталган номери:16922-3300-ОО, код ОКПО 22865769, юридикалык дареги: Бишкек шаары, Абд-рахманов көчөсү, 204). 4. Өз ишинде Агентство Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыр-гыз Республикасынын мыйзам актыларын, Кыргыз Республикасы тарабынантүзүлгөн эларалык макулдашууларды жана келишимдерди, ушул Уставдын жо-болорун, Агентствонун оперативдүү колдонмосун, Агентствонун ички Жобо-лорун, ошондой эле уюштуруучулар менен юридикалык макулдашууларды же-текчиликке алат. 5. Агентстводо иш кагаздары кыргыз жана орус тилдериндежүргүзүлөт. Жумушчу тил болуп: кыргыз, орус жана англис тилдери сана-лат. 6. Агентствонун расмий толук аталышы: кыргыз тилинде: Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жанаинвестициялоо Агентствосу; орус тилинде: Агентство развития и инвестирования сообществ Кыр-гызской Республики; англис тилинде: Kyrgyz Republic's Community Development and In-vestment Agency. Агентствонун кыскартылган аталышы: кыргыз тилинде: КӨИА; орус тилинде: АРИС; англис тилинде: CDIA. 7. Агентствонун жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, 72001, Бишкекшаары, Чүй проспектиси, 164-А үйү, 501-бөлмө. 8. Агентство Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өзүнүн реги-ондук өкүлчүлүктөрүн жана филиалдарын түзүүгө укуктуу. 9. Өз милдеттерин аткарууда Агентство төмөнкү принциптерди бекемсактайт: калыстык, объективдүүлүк, чынчылдык, ачыктык, камкордук жанаөнөктөштүк, натыйжалуулук, өзалдынчалуулук, экологиялык коопсуздук. Агентство үчүнчү жактарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жер-гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга, жама-аттык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга, контрагенттерге, консультант-тарга жана кызматкерлерге карата мамилесинде кодулоонун же артыкчылык-туу мамиле кылуучу режимдин эч кандай түрлөрүн колдонбойт. II. Агентствонун милдеттери, функциялары жана иш-аракети 10. Агентствонун милдеттерине жергиликтүү жамааттарга, жамааттыкуюмдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жергиликтүүденгээлдеги социалдык жана экономикалык маселелерди аныктоодо жаначечүүдө техникалык, администрациялык жана финансылык жардамдытөмөнкүлөр аркылуу көрсөтүү болуп саналат: - социалдык моблизациялоону күчөтүү, биргелешип пландаштыруу жанабиргелетип аракеттенүү үчүн окутууну уюштуруу жана маалымат, техникалыкжардам көрсөтүү жана потенциалды өнүктүрүүнүн башка түрлөрүн берүү; - жергиликтүү жаматтарды туруктуу өнүктүрүүнүн пландарын, демилге-лерин жана долбоорлорун иштеп чыгууда, жүзөгө ашырууда жергиликтүү жа-мааттардын калкынын потенциалын күчөтүү; - жамааттык уюмдарды колдоо үчүн, ошондой эле өздөрүнүн операция-лык чыгымдарын, анын ичинде жамааттык уюмдарды жана жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарын жергиликтүү жамааттарды инвестициялоонун бе-китилген пландарын жана Агентствого алгылыктуу критерийлерге жооп бер-ген алардын мнкродолбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн ресурстарды мобилиза-циялоо. III. Агентствонун мүлкү жана каражаттары 11. Агентствонун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинентүзүлөт: - Агентствого берилген мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан; - грант, кредит, ссуда жана заем аркылуу келип түшкөн каражаттар-дан; - Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жакта-ры, ошондой эле айрым жарандар ыктыярдуу которгон каражаттардан; - Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган башка бу-лактардан. 12. Агентство өз мүлкүн оперативдүү башкаруу укугуна ээ. Агентствомүлккө ээ жана аны Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин231-статьясына ылайык пайдаланат жана тескейт. Агентствонун өзүнүн мил-деттерин жабуу үчүн ресурстары жетишсиз болгон учурда милдеттенмелербоюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкжүргүзүлөт. 13. Каражаттар бекитилген бюджетке ылайык пайдаланылат. 14. Агентствонун финансылык жана операциялык жылы ар бир жылдын1-январында башталат жана 31-декабрында аяктайт. Жылына бир жолу финан-сылык/операциялык жыл аяктагандан кийин Агентство өзүнүн финансылык ре-сурстарын жана ишине ички аудит жүргүзөт. IV. Агентствонун башкаруу органдары 15. Агентствонун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: - башкаруунун жогорку органы болуп байкоочу кењеши саналат; - башкаруунун аткаруучу органы болуп аткаруучу директор саналат. V. Байкоочу кењеш 16. Байкоочу кењештин курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттикоргандарынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү, өзалдынчабашкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле ушул Устав менен аныкталгантартипке ылайык катталган жана легитимдүү өкмөттүк эмес уюмдар аркылуужарандык коомдун өкүлдөрү кирет. 17. Байкоочу кењеш төмөнкү мүчөлөрдөн турат: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын беш өкүлүнөн (кыз-маты боюнча): - Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Администрациясынын кызматкерлеринин ичинен дайындаган КыргызРеспубликасынын Президентинин өкүлү (кызматы боюнча); - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын кызмат-керлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаганКыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү (кызматы боюнча); - Кыргыз Республикасынын Финансы министри (кызматы боюнча); - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана реги-оналдык өнүктүрүү иштери боюнча министри (кызматы боюнча); - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри (кызматы боюнча). Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын беш өкүлү: - Кыргыз Республикасынын айылдары менен поселкаларынын жергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясынын төрагасы (кызматы боюн-ча); - жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын төрт өкүлү (айылөкмөттөрүнүн башчылары), алар Кыргыз Республикасынын айылдары менен по-селкаларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясытарабынан Ассоциациянын жыйналышында шайланат. Жарандык коомдун беш өкүлү: - "Каунтерпарт-Шериктеш" коомдук бирикмесинин башкармасынын төра-гасы (кызматы боюнча); - Кыргызстандын катталган өкмөттүк эмес уюмдарынын төрт өкүлү,алардын талапкерлиги Агентствонун аткаруучу директору тарабынан сунушкылынат жана байкоочу кењештин калган мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк до-бушу менен бекитилет. 18. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана жарандык ко-омдун кењири өкүлчүлүгүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өзалдынча башка-руунун төрт башчысы жана өкмөттүк уюмдардын төрт өкүлү байкоочу кењеш-теги өз ыйгарым укуктарын баскычтуу мөөнөттө аткарышат. Жергиликтүүөзалдынча башкаруунун башчыларынын бирөө жана өкмөттүк эмес уюмдардынөкүлдөрүнүн ичинен бирөө жыл сайын алмашып турат. Ушул эки топтун ар биринин бирден өкүлүнүн жыл сайын алмашуусунжүргүзүү үчүн: байкоочу кењешке баштапкы мүчөлүккө шайланган ушул экитоптун ар биринин өкүлдөрүнүн кимиси бир мөөнөт, эки, үч, же төртмөөнөт иштей тургандыгын аныктоо үчүн чучукулак кармашат. Байкоочу кењеште иштөө мөөнөтү аяктап жаткан жергиликтүү өзалдынчабашкаруунун башчысын алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын айылдарыменен поселкаларынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Ассо-циациясы байкоочу кењештин жањы мүчөсүн шайлайт, ал толук төрт жылдыкмөөнөт кызмат кылат. Байкоочу кењеште иштөө мөөнөтү аяктап жаткан өкмөттүк эмес уюмдунөкүлүн алмаштыруу үчүн аткаруучу директор бойкоочу кењештин калганмүчөлөрүнүн бекитүүсү үчүн өкмөттүк эмес уюмдун башка өкүлүн номинация-лайт жана ал толук төрт жылдык мөөнөт кызмат кылат. 19. Байкоочу кењештин ыйгарым укуктары: - ассоциациянын ишин ушул Уставга, Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына жана жоболоруна жана Агентствонун ишине тиешелүү юридикалык ма-кулдашууларга ылайык багыттайт жана контролдойт; - Агентствонун аткаруучу директорун дайындайт жана милдеттериненбошотот (ушул Уставдын 29-пунктуна ылайык); - Агентствонун саясатын, Агентствонун Уставына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду, Агентствонун ар жылдык бюджетин жана ага ар кандайөзгөрүүлөрдү, Агентствонун жылдык отчетун, атайын изилдөөлөрдүн натый-жалары боюнча отчетторду жана көз карандысыз аудиторлордун отчетторунбекитет. 20. Байкоочу кењеш Агентствонун учурдагы ишине кийлигише албайт.Байкоочу кењеттин мүчөлөрү Агентствонун атынан аракеттенүүгө укуксуз. Байкоочу кењештин мүчөлөрү Агентствого карата калыс мамиле сактапкалууга тийиш. Алар берилген мүмкүнчүлүктөрдү ушул Уставга карама-каршыкелген максаттарда пайдалана албайт же Агентствонун мүлктүк жанамүлктүк эмес таламдарына зыян келтире албайт. VI. Байкоочу кењештин жыйналышын өткөрүү тартиби 21. Байкоочу кењештин биринчи жыйналышы ал юридикалык жак катарымамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин эки жуманын ичинде аткаруучу ди-ректор тарабынан уюштурулат. Байкоочу кењештин мүчөлөрү биринчи жыйна-лышка тийиштүү ыйгарым укук берген документтерди алып келишет. 22. Өзүнүн биринчи уюштуруу жыйналышында байкоочу кењеш өз курамы-на өкмөттүк эмес уюмдардын төрт өкүлүн кошот жана байкоочу кењештинтөрагасын шайлайт. Төрага байкоочу кењештин 15 мүчөсүнүн ичинен жөнөкөйкөпчүлүк добуш менен шайланат. 23. Байкоочу кењештин мүчөлөрү байкоочу кењештин мүчөсү катары өзишин аткаргандыгы үчүн Агентстводон же башка булактардан эмгек акы, ка-лем акы же башка компенсация алышпайт. 24. Байкоочу кењештин мүчөлөрү байкоочу кењештин жыйналышына каты-шуунун натыйжасында тарткан чыгымдары - б.а. транспорттук чыгымдары,жашагандыгы, суткалык чыгымдары үчүн гана Агентстводон компенсация алы-шат. 25. Байкоочу кењеш өз ишин ушул Уставдын негизинде, ошондой элеКыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Агентствонун ишине тиешелүүюридикалык макулдашууларга ылайык жүргүзөт. 26. Байкоочу кењештин жыйналышы кеминде үч айда бир жолуданөткөрүлөт. Атайын жыйналыштар байкоочу кењештин төрагасынын, Агентство-нун аткаруучу директорунун же ар кандай эле байкоочу кењештин экимүчөсүнүн сунушу боюнча чакырылышы мүмкүн. Бардык мүчөлөрдүн 50%тенашыгы катышса, байкоочу кењештин кворуму бар деп эсептелинет. Байкоочукењештин чечими катышып отурган мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу ме-нен кабыл алынат. Добуш берүүнүн жүрүшүндө добуштар тењ чыгып калганучурда төраганын добушу чечүүчү добуш болуп саналат. Байкоочу кењештин бардык мүчөлөрү байкоочу кењештин жыйналышыжөнүндө ал өткөрүлгөнгө чейин кеминде он жумушчу күндөн кечиктирбестенталаптагыдай кабардар кылынууга тийиш. Атайын же өзгөчө жыйналыштарболгон учурда билдирме байкоочу кењештин мүчөлөрүнө кеминде үч жумушчукүндүн ичинде жөнөтүлүшү мүмкүн. Билдирмеде күн тартибине байланышканбардык зарыл документтерди тиркөө менен алдыда боло турган жыйналыштынкүн тартиби камтылууга тийиш. Байкоочу кењештин жыйналышында протокол жазылат. Протоколго төрагакол коет жана байкоочу кењештин бардык мүчөлөрүнө жана аткаруучу дирек-торго берилет. Байкоочу кењештин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык жактанкамсыз кылуу Агентство тарабынан жүргүзүлөт. 27. Агентствонун байкоочу кењешинин мүчөсү өзүнүн материалдык та-ламына тике же кыйыр тиешеси бар маселе боюнча добуш берүүгө катыша ал-байт. 28. Байкоочу кењещтин мүчөсү анын жыйналышына жүйөөлүү себепсизкөп учурда катышпай калганда же ал Агентствонун таламдарына ар кандайформада кыйла зыян келтирген учурда ал Агентствонун аткаруучу кењешиненчыгарылышы мүмкүн. Байкоочу кењештин мүчөсүн чыгаруу жок эле дегендеанын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси добушун талап кылат. Байкоочу кењештин мүчөсү кењештин курамынан өз демилгеси боюнчачыгышы мүмкүн. VII. Аткаруучу директор 29. Аткаруучу директор байкоочу кењешке отчет берет. Аткаруучу ди-ректор бир нече жолу жањы мөөнөткө кайра дайындалуу мүмкүнчүлүгү менентөрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Биринчи аткаруучу директору Кыргыз Республикасынын ПрезидентининЖарлыгы менен төрт жылдык мөөнөткө дайындалат. Кийинки аткаруучу дирек-тор байкоочу кењеш тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен дайындалат.Байкоочу кењеш ушул Уставдын 28-пунктунда аныкталган негиздер боюнча,юридикалык макулдашууга ылайык аткаруучу директорду милдеттеринен бошо-тушу мүмкүн. 30. Аткаруучу директор Агентствонун учурдагы иши үчүн жоопкерчиликтартат. Аткаруучу директору өз ишин ушул Уставдын жоболоруна ылайык көзкарандысыз жана башка бирөөлөрдүн кийлигишүүсүз жүргүзөт. Аткаруучу ди-ректордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасындагы, ошондой элечетөлкөлөрдөгү баардык юридикалык жана жеке жактардын алдында Агент-ствонун өкүл болушун, Агентствонун атынан келишимдерди, протоколдорду,макулдашууларды, башка документтерди түзүүнү жана анын компетенциясынакирген башка ыйгарым укуктарды камтыйт. VIII. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби 31. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор аткаруучу директор-дун же байкоочу кењештин ар кандай мүчөсүнүн сунушу боюнча байкоочукењештин мүчөлөрүнүн добуш бериши жана көпчүлүк добушу менен киргизи-лет. Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белги-ленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат. IX. Агентствонун ишин токтотуу тартиби 32. Агентствонун ишин уюштуруучулардын чечими боюнча же КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган негизде сот тарабынан токтоту-лат. 33. Агентство жоюлгандан жана юридикалык макулдашууларга ылайыккредиторлор менен эсептешкенден жана кайта кайтарылгандан кийин калганмүлк жана акча каражаттары Агентствонун уюштуруучуларына алардын салы-мына жараша кайра кайтарылат. 34. Агентствонун иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыр-гыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндөгү" Кыргыз Республикасы-нын мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат. "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун" аткаруучу директору Э.С.Ибраимова