Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-сентябры №12/5
Ар түрдүү маселелер жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VI-чакырылыш кезектеги ХII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Калинин айылындагы маданият үйүнө 2020-жылы өткөрүлүүчү турак жай фондун жана элди каттоо бүткөрүлгөндөн кийин Оморов Аттокурдун атын ыйгарылсын жана Оморов Аттокур атындагы маданият үйү деп аталсын.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Маданият айылындагы “Маданият нуру” балдар бакчасына 2020-жылы өткөрүлүүчү турак жай фондун жана элди каттоо бүткөрүлгөндөн кийин Мурзабаева Рабыкандын аты коюлуп “Мурзабаева Рабыкан” атындагы балдар бакчасы деп аталсын.
3. Калинин айылындагы № 4 көчөгө Сулайманов Жолборстун, № 1 магазин көчөсүнө Орозбаев Исламдын аты ыйгарылсын.
4. Кызыл-Сарай айылындагы кичи көчөгө Маматов Турсунбайдын, Аманбаев Мизандын атына коюлган ат алынып анын ордуна Абдраимов Баиттын аты коюлсун.
5. Гайрат айылындагы 1-көчөсүнө Раимов Сулаймандын, № 11-көчөгө Саиткасымов Полотхандын аты коюлсун.
6. Большевик айылындагы теплицадагы жаны чектин 2-көчөсүнө Атабаев Ганынын, 3-көчөсүнө Кабулов Токобайдын, 3-көчөсүнө Тагаев Каримдин аты коюлсун.
7. Кызыл-Кошчу айылындагы №3 көчөгө Сыдыков Шараптын аты коюлсун.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Төрага | П. Жакыпов |