Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-сентябры № 12/7
Жоош айылдык кенешинин 14.05.2016-ж. № 20/2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүнөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги №76-б буйругу менен тузулгон комиссиянын 2019-жылдын 24-сентябрындагы корутундусунун негизинде Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кенешинин 14.05.2016-ж. № 20/2 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар, Бирдик айылдарынан жалпысы 47,36 га таштак жайыт жер аянты, анын ичинен:
- Ак-Жар айылынан № 326 контурунан 38,20 га, № 328 контурунан 7,10 га, №337 контурунан 1,20 га жайыт жер аянты, Бирдик айылынан №961 контурунан 0,86 га жайыт жер аянты;
- Ак-Жар, Бирдик айылдарынан жалпысы 54,73 га кайрак жер аянты, анын ичинен:
- Ак-Жар айылынан №14 контурунан 5,77 га, № 327 контурунан 15,10 га, № 337а контурунан 8,60 га, № 338 контурунан 6,40 га кайрак жер аянты, Бирдик айылынан №830 контурунан 17,0 га, № 962 контурунан 1,86 га кайрак жер аянты, баары болуп 102,09 га жер аянты турак жай куруу учун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которуу жагы сунушталсын.
2. Жоош айылдык кенешинин 31 депутаты 102,09 га жер аянтын турак жай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан» «Калктуу конуштун жерлери категориясына» которууга макулдугун берет.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | П. Жакыпов |