Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-ноябры № 13/2
Ар түрдүү маселелер жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылында “Торогелди” коммерциялык эмес беде урук өндүрүүчү жеке менчик кооператив уюштуруу жөнүндөгү арызды кароо)
Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылында “Торогелди” коммерциялык эмес беде урук өндүрүүчү жеке менчик кооператив уюштуруу жөнүндөгү Кызыл-Кошчу айылынын тургуну Торогелдиев Абдисатардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин VI-чакырылыш кезектеги ХIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кошчу айылында “Торогелди” коммерциялык эмес беде урук өндүрүүчү жеке менчик кооператив уюштурулсун.
2. Жаныдан уюшулган кооперативге Жоош айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижаралык келишим түзүү жолу менен берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. Жакыпов |