Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-ноябры № 13/2-1
Ар түрдүү маселелер жөнүндө (Жоош айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы № 137 Коммунизм негизги мектебине Султанбаев Өмүрзактын атын коюу жөнүндө арызын кароо)
Жоош айыл өкмөтүнүн Коммунизм айылындагы № 137 Коммунизм негизги мектебине Султанбаев Өмүрзактын атын коюу боюнча арызды карап жана талкуулап Жоош айылдык Кенешинин VI-чакырылыш кезектеги ХIII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коммунизм айылындагы № 137 Коммунизм негизги мектебине 2020-жылы өткөрүлүүчү турак жай фондун жана элди каттоо бүткөрүлгөндөн кийин Султанбаев Өмүрзактын атын ыйгарылсын жана Султанбаев Өмүрзак атындагы негизги мектеби деп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. Жакыпов |