Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-апрели № 113 -27
1352-1354 контурдагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшүн кабыл алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө” токтомуна ылайык, Ленин айылдык кеңешинин 2019-жылдын 8-апрелиндеги № 93 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүн Аламүдүн айыл аймагына өткөрүүнү макулдашуу жөнүндө” токтомунун, Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 13 “Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жер үлүшүнүн Аламүдүн айыл аймагына өтүшү жөнүндө” токтомунун, ошондой эле жер үлүшүнүн менчик ээси Дж.А.Биялинованын арызынын негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Ленин айыл аймагынын 1352-1354 контурундагы жалпы аянты 69,8 га жер үлүшү Аламүдүн айыл аймагынын административдик чек арасына кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан аталган токтомду белгиленген мыйзам тартибинде бекитүүнү сурансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |