Редакцияот 18.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2019-жылдын 18-апрели № 114-27

Суу түтүк тарамын баланска кабыл алуу жөнүндө

Суу түтүк тарамын кабыл алуу жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айылынын Некрасов, Биринчи май, Гагарин, Завод, Завод туюгу, Маяковский, Пионер көчөлөрү боюнча суу түтүк тармактарын муниципалдык менчикке кабыл алууга уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко