Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 120-27
Отун (көмүр) сатып алуу жөнүндө
Күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кольбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтү 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине отун (көмүр) сатып алууга төмөнкү социалдык объектилерге келишим түзүүгө уруксат берсин:
- “Жомок” балдар бакчасына – 51,0 тоннага;
- “Тумар” балдар бакчасына – 30,0 тоннага;
- “Бөбөк” балдар бакчасына – 20,0 тоннага;
- Аламүдүн айылынын ФАПна – 5,0 тоннага;
- Алма-Ата көчөсүндөгү № 424 административдик имаратка – 20,0 тоннага;
- Набережная көчөсүндөгү № 300а административдик имаратка – 5,0 тоннага;
Баары – 131,0 (жүз отур бир) тоннага.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |