Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-июну № 27/7
Жошолу айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин” негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2020-жылга долбоору 13670,7мин сомго, теңдөөчү грант 10643,7 мин сомго, өздүк киреше 3027,0 мин сомго, анын ичинен атайын каражаттар 200,0 мин сомго бекитилсин.
2. Жошолу айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2021-жылга долбоору 13802,0 мин сомго, тендөөчү грант 10291,0 мин сомго, өздүк киреше 3511,0 мин сомго, анын ичинен атайын каражаттар 200,0 мин сомго жактырылсын.
3. Жошолу айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга долбоору 13802,0 мин сомго, теңдөөчү грант 10291,0 мин сомго, өздүк киреше 3511,0 мин сомго, анын ичинен атайын каражаттар 200,0 мин сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин(эмгек акы, социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |