Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 32/1
Калктан алынуучу салыктардын аткарылыш абалы жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүндө калктан салык топтоо боюнча башкы салык инспектор А.Жеенбековдун отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору тарабынан 2019-жылдын 9 айы ичинде аткарган иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Салык төлөмдөрүн аткарууда айыл өкмөтү 9 айлык планды толтургандыгы эске алынсын жана жылдык планды толук толтуруу жагы салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |