Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 32/2
Коомдук алдын алуу борборунун аткарып жаткан иштеринин абалы(аксакалдар, ардагерлер, аялдар, жаштар комитеттери)
Коомдук алдын алуу борборунун(аксакалдар, ардагерлер, аялдар, жаштар кеңештери) мүчөсү аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Иманахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу борборлорунун, анын ичинде аксакалдар кеңешинин айыл аймагындагы үрп-адат, каада-салт, ыксыз ыгым-чыгымдарды тартипке келтирүү жана алар менен күрошүү максатында жүргузуп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборуна кирген башка тармактардын (аялдар, жаштар, ардагерлер кеңештери) жүргүзуп жаткан иштеринин отчету так, даана көрсөтүлбөгөндүктөн айылдык кеңештин кезексиз заседаниеси уюштурулуп, кайрадан каралсын
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |