Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жыл 14-октябры № 32/3
Күз-кыш мезгилине карата айыл аймагындагы мекемелерди, социалдык объектилерди даярдоо, алардын ремонттолушунун абалы жөнүндө
Күз-кыш мезгилине карата айыл аймагындагы мекемелерди, социалдык объектилерди даярдоо, алардын ремонттолушунун абалы жөнүндө депутат А.Иманахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу мекемелерди, социалдык объектилерди даярдоо, алардын ремонттолушунун абалы, кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча бир топ алгылыктуу иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.
2. Кыш мезгилине карата мектеп имараттарынын жана от казандары жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн талапка ылайык тартуу, коопсуздук абалын камсыздоо, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, имараттардын айланасындагы бак-дарактарга кам көрүү,келип түшкөн көмүрдү коромжуга учуратпай сарамжалдуу пайдалануу жагы мектеп директорлоруна, мекеме ишканалардын башчыларына милдеттендирилсин.
3. Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай үнөмдөө багытында иш алып баруу мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Мекеме-ишканалардын бөлмөлөрүндөгү жылуулукту сактоо максатында терезелерди жылуулоо, айнек-эшиктерди бекемдөө чаралары мекеме жетекчилерине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |