Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 32/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн Осоаиахим айылынын тургуну Абжапарова Мастурага «Ардактуу айым» наамын берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Осоаиахим айылынын тургуну , өмүр бою агартуу тармагында эмгектенген Абжапарова Мастурага «Ардактуу айым» наамын берүү жөнүндө Осоавиахим айылынын элдик жыйынынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 01 протоколунун негизинде
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим айылынын элдик жыйынынын 2019-жылдын 20-мартындагы № 01 протоколунун, айылдык Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы, өмүр бою агартуу тармагында иштеп, балдарга билим, тарбия берүүдөгү эмгеги үчүн Абжапарова Мастурага Жошолу айыл өкмөтүнүн «Ардактуу айымы » наамы берилсин. ( 20.03.2019-ж. Осоавиахим айылынын элдик жыйынынын № 01 протоколу тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин уюштуруу укуктук маселелер,мыйзамдуулук, мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруунун аймактык органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Боронов |