ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
2019-жылдын 14-октябры № 32/7
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарга жеке менчик үй салууга жер тилкесин берүү жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарга жеке менчик үй салууга жер тилкесин берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин төрагасы З.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 1-3-пункттарынын негизинде Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандарга жеке менчик турак жай салуу үчүн там аркага – 0,04 -0,08 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, жогоруда көрсөтүлгөн нормадан чыгарбоо жана тактап бөлүп берүү жоопкерчилиги айыл өкмөттун калкты жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча адисине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | З. Боронов |