Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 8/2
Жекенди айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүү 16746,4 (Он алты миллион жети жүз кырк алты мин төрт жүз) сомго, бюджеттин чыгаша бөлүгү 19393,9 (Он тогуз миллион үч жүз токсон үч мин тогуз жүз) сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагынын 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылгандыгын бекитүү жана жактыруу менен бирге айылдык аймактын башчысы Ж.Колдошовдун доклады канаатандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айылдык аймактын башчысы Ж.Колдошовго жана финансы - экономика бөлүмүнүн башчысы С.Маматовго жүктөлсүн.
Төрага | С. Д. Халилов |