Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 5
Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетиндеги тракторго айдоочу алуу максатында конкурстук комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетиндеги тракторго айдоочу алуу максатында конкурс өткөрүү үчүн төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
-Т.Ташматов -жайыт комитетинин төрагасы
-Р.Токтоматов -социалдык маселелер боюнча башкы адис
комиссиянын төрагасы
-М.Галов Жекенди айылынын айыл башчысы
-С.Жаркынбаев Чулук айылынын айыл башчысы
-Т.Кожобеков Кара-Тейит айылынын айыл башчысы
-М.Гапаров Шибээ айылынын айыл башчысы
2. Конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын курамына бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылууну мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо, кенештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Самиевге жүктөлсүн.
Төрага | С. Д. Халилов |