Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-февралы № 11
Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16 –мартындагы №51,2014-жылы 31-декабрь № 182 , 2016-жылдын 12- августундагы №167 мыйзамдарынын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- беренесинин Айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык 2018-жылга чейин 1 га жерге 91сом 50 тыйын болсо, 2018-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп № 11/3 28-декабрь 2018-жылдагы токтомунун негизинде бир жолу өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу Жекенди айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл аймагынын айыл чарбасы багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн алынуучу салыктын базалык ставкасы 2019-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп калтырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция,энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Кошоевге тапшырылсын.
Төрага | С. Д. Халилов |