Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-январы № 17/1
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1 471,9 миң сом калдык акча каражаттын 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражаттын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Талды-Суу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрөайымы А. Апиеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап.
Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 1 471,9 миң сом, анын ичинде атайын каражат 61,4 миң сом, калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык Кенештин заседаниесинде талкууланган 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 1471,9 миң сом, анын ичинде атайын каражат 61,4 миң сом акча каражаты, 2019-жылдын бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Эргешбаева |