Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-июлу №20/1
Каада салт,ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу жөнүндө
Каада салт,ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада салт,ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн калкынын жашоо турмушундагы экономикалык пайдубалын бекемдөө жана коомдук тартипти сактоо бүгүнкү жыйындын негизги максаты болуп эсептелсин.
2. Каада салт,ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууда айыл өкмөттүк деңгээлде жана айылдарда ардагерлер,аялдар,жаштар кеңештеринен айыл аксакалдарынан,айыл имамдарынан кошулуп,атайын комиссиялар түзүлсүн,жааматтарда ашыкча каада тутунууга жол бербөө,ага кетүүчү ыгым-чыгымдарды кыскартуу боюнча тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен натыйжалуу иш алып барылсын.
3. Маркумду акыркы сапарга узатууда жана жылдыгын белгилөөдө:
-Жылкы, бодо мал союууга,сый дасторкон салып конок күтүүгө (адия) тыюу салынсын.Маркумду акыркы сапарга узатууга алыстан келгендерге ыссык тамак уюштурууга 50 жаштан ылдыйкы жашка 2 баш кой, 50 жаштан жогорку карыяларга 1 баш бодо гана союлсун.
-Жылдыкта алыстан келген туугандарына,куда сөөктөрүнө кой союлуп,чакма жилик
аш менен берилсин.
-Макумдун ашы берилсе 1 баш гана кой союулсун.
-маркумдун үй-бүлөө мүчөлөрү тарабынан жыртыш жыртуу,сандык ачуу,челпек бышыруу,аксакалдарга себет киргизүү жана маркумдун жакындарына кийит кийгизүүнү токтотууга өзгөчө көңүл бурулсун.
-маркумдун мүрзөсүн цементтеп,бышкан кыш менен тосуу мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди орнотуу ысырапкерчилик жана жаңылыштык экендигин түшүндүрүү менен колунда бар жарандар маркумга деп арналган чыгымдарды муктаждарга берүүнү жайылтуу айыл өкмөтүндөгү дин өкүлдөрүнө милдеттендирилсин.
-Маркумдун мүрзөсүнө жыгачка аты-жөнү гана жазылып койулсун.
-маркумдун жылдыгын белгилөөдө 50жаштан жогорку карыяга 1 баш бодо,50 жаштан ылдыйкы жашка 2 баш кой союуга уруксат берилсин.Сый дасторкон салып конок күтүүгө (адия) бөгөт коюулсун.
-Жылдыкта себет алып келүү,союш жетелеп келүү кийит кийгизүү токтотулсун.
4. Тойлорду өткөрүүдө:
-Үйлөнүү тойдо жаштардын ойноп келүүсү (фрушет) атайын кафелерде уюштурулбасын,жол коопсуздугун сактоо максатында машиналардын саны 3 төн ашпасын.(машиналардын маркасына көңүл бурулат кымбат баалуу болбосун)
-Сүннөт той,тушоо кесүү той,бешик той жана башка ушул сыяктуу тойлор жакын туугандары менен гана үйүндө өткөрүлсүн.Жылкы бодо мал союулбасын.
5. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Талды-Суу жана Арча-Булак айылдарындагы жеке менчик дүкөндөрдө (камоктордо) спирт ичимдиктерин сатуу токтотулсун.
6. Токтомго баш ийбеген сатуучуларга “Бузуулар жөнүндө” кодексинин негизинде чаралар көрүлсүн.
7. Ашыкча чыгымдарды кыскартууну иш жүзүнө ашырууга бөгөт коюууга жеткиликтүү чечимдерин кабыл алуу жагы жергиликтүү айылдык кеңештердин сессиясында кароого сунушталсын.
8. Айтылган жана кабыл алынган айылдык кеңештин сессиясындагы,айылдан түзүлгөн комиссиянын айыл аксакалдарынын кабыл алынган чечимдерин аткарбаган, карама-каршы иштерди жүргүзгөн текеберликке жол берген айылдын тургундарын,эл алдында уяткаруу менен катуу чара көрүлсүн.
9. Эл арасында каада-салт,үрп адаттарды,ырым-жырымдарды ирээтке келтирүү, ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча аткарылып жаткан жакшы саамалыктар массалык-маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жайылтылсын.
10. Айыл өкмөтүндөгү айылдардын башчыларына, аппарат кызматкерлерине,мекеме ишканалардын жетекчилерине жана кызматкерлерине,ички иштер органдарына,айыл өкмөтүнүн аймагындагы дин өкүлдөрүнө,айылдык кеңештин депутаттарына комиссиянын курамы менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана активдүү катышуу жоопкерчилиги жүктөлсүн.
11. Маркумду акыркы сапарга узатууда, жылдыгын белгилөөдө, тойлорду өткөрүүдө жана жеке менчик дүкөндөрдө (камоктордо) спирт ичимдиктерин сатууда,
каада салт,ырым жырымдарды иретке келтирүү ашыкча чыгымдарды кыскартуу үчүн төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн.
1.К.Ашиев-Талды-Суу айылдык кеңешинин депутаты,Арча-Булак айылынын
имамы,комиссиянын төрагасы
2.Б.Молдалиев-Аксакалдар сотунун төрагасы,
комиссиянын мүчөсү
3.М.Шанаев-Талды-Суу айылынын имамы,
комиссиянын мүчөсү
4.А.Жумаева-Талды-Суу айылынын тургуну,пенсионер,
комиссиянын мүчөсү
5.О.Суранбаева-пенсионер,комиссиянын мүчөсү
6.Ж.Сулайманкулова-Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүнүн
директору,комиссиянын мүчөсү
7.Ү.Сартов-комиссиянын мүчөсү
Төрага | Э. Эргешбаева |