Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-ноябры №23/1
Талды-Суу айыл өкмөтүндө калктуу конуштун чегинде 1,10 га жерге жайгашкан өндүрүштүк базасынын (эски гараж) ордуна муниципалдык менчикке турак жай салууга максатын өзгөртүү боюнча Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун баяндамасын угуп,Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүндө калктуу конуштун чегинде 1,10 га жерге жайгашкан өндүрүштүк базасынын (эски гараж) ордуна муниципалдык менчик турак жай салууга негизги масаты Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесинин
1,2-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлсүн.
2. Өндүруштүк базасынын (эски гараж) 1,10 га жер аянтынын ордуна Талды-Суу айыл өкмөтүнө муниципиалдык турак-жай куруу үчүн ар бир турак жайга 0,10 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Муниципалдык турак-жай куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, шаар куруунун бекитилген документтерин даярдоо архитектура жана курулуш органдарына сунуштоо жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Эргешбаева |