Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-июну № 15/2
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.07.2015-жылдагы №516 токтомун жетекчиликке алып , айылдык аймактын бюджетине кошумча киреше киргизүү менен,жарандарга жаныдан жумуш ордун түзүү,айылдык аймактын инфраструрктурасын жакшыртуу багытында, Кашка- Жол айылдык аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин сунушун жана Октябрь айылынын тургуну Чолуев Курманбектин арызын Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесине ылайык кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.07.2015-жылдагы №516 токтомун жетекчилике алып , айылдык аймактын бюджетине кошумча киреше киргизүү менен,жарандарга жаныдан жумуш ордун түзүү,айылдык аймактын инфрастрктурасын жакшыртуу багытында, Кашка-Жол айылдык аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин сунушун жана Октябрь айылынын тургуну Чолуев Курманбектин арызын Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренесине ылайык карап жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылына караштуу Калпак участкасында жайгашкан жайыт жерлер категориясындагы 35-контурдан жалпы аянты -5.22 га болгон жер аянтынын ичинен 0,15 га жер участкасын асыл-тукум мал чарбасын уюштуруу үчүн көмөкчү чарбага сарай салууга «Өнөр жайынын, транспорттун. энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Кулжа райондук Архитектура жана Шаар курулуш башкармалыгынан жана Кара-Кулжа райондук кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарды даярдоого жардам берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кенештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жана Кашка-Жол айылдык аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Оморов |