Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-октябры № 16/2
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кашка- Жол айылдык аймагынын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кашка-Жол айылдык аймагынын ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Кашка-Жол айылдык аймагынын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |