Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-ноябры № 17/1
Кашка-Жол айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы орто мектепке Боромбаев Асандын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кашка- Жол айылдык аймагындагы Ынтымак айылындагы орто мектепке Боромбаев Асандын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Ынтымак айылынын айыл башчысы Мамасалиев Ырысменденин маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылынын жалпы жашоочуларынын жана Ынтымак орто мектебинин педогогикалык жамааттынын 2019-жылдын 23-октябрындагы жалпы чогулушунун протоколдору бекитилип, жактырылсын.
2. Кашка- Жол айылдык аймагынын Ынтымак айылындагы орто мектепке Боромбаев Асандын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары «Боромбаев Асан» атындагы орто мектеби болуп аталсын.
3. Демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулуп бере турган жабык типтеги заманбап спорт аянтчасын курууга жер тилкесин көрсөтүп, тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер турак жай коммуналдык маселе боюнча адис С.Турдуевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Оморов |