Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-ноябры № 17/2
Кашка-Жол айылдык аймагындагы «Беки-Ата» таза суу муниципалдык ишканасы таза сууга болгон төмөндөгү көрүлбөгөн кээ бир кызматтардын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Кашка-Жол айылдык аймагындагы «Беки-Ата» таза суу муниципалдык ишканасы таза сууга болгон төмөндөгү көрүлбөгөн кээ бир кызматтардын тарифин бекитип берүү жөнүндөгү Бекиев Орунбайдын маалыматын угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сууну өчүрүү кызматы үчүн 150 сом, кайра сууну туташтыруу 245 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өз алдынча кудукту ачып, ага түшүп сууну туташтыруу айып пулу 2500 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоготой айылдык ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т. Оморов |