Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-ноябры № 17/3
Жаңы-Талап айылындагы «Малика» балдар бакчасынын имаратынын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу жана анын ордуна Токоев Рахманбердинин демөөрчүлүгү менен 75 орунду эки кабат бала-бакча куруу үчүн жер участогун бошотуу максатында эски имараттын курулуш материалдарын сатыкка коюу жөнүндө
Жаңы-Талап айылындагы «Малика» балдар бакчасынын имаратынын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу жана анын ордуна Токоев Рахманбердинин демөөрчүлүгү менен 75 орунду эки кабат бала-бакча куруу үчүн жер участогун бошотуу максатында эски имараттын курулуш материалдарын сатыкка коюу жөнүндөгү Жаңы-Талап айылынын айыл башчысы А.Ырыскуловдун сунушун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Малика» балдар бакчасынын имараты айылдык аймагынын балансасынан чыгарылып, имараттын курулуш материалдары «Земельные реформы ЮГ» ишканасы баалап берген баага негиз, азыркы учурдагы базар баасына салыштыруу менен сатыкка коюлсун.
2. Сатыктан түшкөн акча каражаты айылдык аймагынын бюджетине чегерилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык аймагынын башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке тапшырылын.
Төрага | Т. Оморов |