Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-октябры № 1
2019-жылдын IV кварталына карата Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше бɵлүгүнүн 2019-жылдын 9 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен пайда болгон акча каражатын бɵлүү жɵнүндɵгү 2019-жылдын 07-августундагы айылдык Кеңештин кезектеги II сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы) №7 токтомунун кээ бир пункттарына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин XXI главасынын 109,115-беренелеринин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. 2019-жылдын IV кварталына карата Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн бюджетинин киреше бɵлүгүнүн ашыкча аткарылышынын эсебинен пайда болгон акча каражаты тɵмɵндɵгү аткарылуусу зарыл болгон жумуштарга бɵлүнсүн,
а) Казак айылындагы Машрап-Сай сайынын жээгин габиондор менен
бышыктоого -195 миң.сом
б) Отуз-Адыр айылынын Зымырык участкасындагы таза суу
линиясына суу кампа (резервуар) курууга -150,0 миң.сом.
в) Ош-Бишкек автожолундагы кɵчɵ чырактарын орнотуу боюнча
кошумча жумуштарды аткарууга -120,0 миң.сом.
г) Айыл аймагынын тɵмɵнкү зонасындагы айылдардын
кɵчɵлɵрүнүн аталыштарын жана үйлɵрдүн номерлерин даярдатууга -50,0миң.сом.
д) Октябрдын 70 жылдыгы орто мектебине таза суу
линиясын тартууга -50,0 миң.сом.
ж) материалдык жардам кɵрсɵтүүгɵ - 55,0 миң.сом
к) башка чыгымдарга - 80,0 миң.сом
Жыйынтыгы; -700,0 миң.сом.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. А. Калматов |