Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 5
АГРО-ДАН + үрɵнчүлүк чарбасынын пайдалануусундагы кыймылсыз мүлктɵрдү айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп алуу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37-токтому менен бекитилген “Мүлккɵ муниципалдык менчик жɵнүндɵ” аттуу Жобонун 2-статьясынын 2-пунктунун жана 3-статьясынын 2-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АГРО-ДАН + үрɵнчүлүк чарбасынын пайдалануусундагы кыймылсыз мүлктɵр айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүлүп алынсын.
2. Айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп алынган кыймылсыз мүлктɵр менчик обьектеринин реестрине киргизилсин.
3. АГРО-ДАН + үрɵнчүлүк чарбасынын пайдалануусундагы кыймылсыз мүлктɵрдү айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп берүү чарбанын директору Айдаров Омарга милдеттендирилсин.
4. Кыймылсыз мүлктɵрдү айыл ɵкмɵтүнүн муниципалдык менчигине ɵткɵрүп алуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ тапшырылсын. (Т.А.Туйбаев)
5. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин тɵрагасынын орун басарына жүктɵлсүн. (А.Адашов)
Төрага | Н. А. Калматов |