Редакцияот 12.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

 

2019-жылдын 12-декабры № 7

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары 2000,0 миң.сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин IV бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнүн 33- беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен айыл ɵкмɵтүнүн административдик имаратын (мечиттин эски имараты) капиталдык ремонттон ɵткɵрүү долбоорун каржылоого ɵздүк салым катары 2000,0 миң.сом акча каражаты бɵлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин (Т.А.Туйбаев).

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Т.А.Жумаев)

 

Төрага

Н. А. Калматов