Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-декабры № 9
Айыл чарбасынын мамлекеттик фондунун жерлерине түзүлгɵн ижара келишимдеринин мɵɵнɵтү Мыйзамга ылайык аяктаган ижарачыларга алардын жерлери 2020-жылдын күзүндɵ аукционго коюлары тууралуу аларга эскертүү берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин I главасынын 7-статьясынын негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ижара келишимдери 5 (беш) жылдан жогору мɵɵнɵткɵ дыйканчылыка делип түзүлгɵн ижарачылардын жерлери 2020-жылдын күзүндɵ аукционго коюлары ижарачыларга эскертилсин.
2. Ижара келишимдери 10 (он) жылдан жогору мɵɵнɵткɵ бакчылыка делип түзүлгɵн ижарачылардын жерлери 2020-жылдын күзүндɵ аукционго коюлары ижарачыларга эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.А.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Мурзаев)
Төрага | Н. А. Калматов |