Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-январы № 2
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү тууралуу
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Кадыралиеванын маалыматын угуп жана талкууга алып , ошондой эле таркатылган материалдар менен кенен таанышып чыгып Сары-Коо айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 2019-жылга карата бекитилсин:
-Сары-Коо айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү - 12917,4 миң сомго;
(киреше бөлүгүнүн тиркемеси тиркелет)
-Сары-Коо айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгү - 12917,4 миң сомго.
(чыгаша бөлүгүнүн тиркемеси тиркелет)
Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э.А. |