Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-январы № 4
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн кызматчыларынын штаттык бирдигин 2019-жылга карата кабыл алуу жөнүндө
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Кадыралиеванын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата кызматчыларынын штаттык бирдигинин айылдык кеңештин депутаттарына таркатылган материалдары менен таанышып, талкуулап Сары-Коо айылдык Кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Коо айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата кызматчыларынын штаттык бирдигин өзгөртпөстөн толугу менен кабыл алынсын;
(№ 1 тиркеме орус тилинде тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э.А. |