Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-майы № 19
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн жерлеринин категориясын которуу тууралуу
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысынын А. Баковдун кайрылуусу менен таанышып чыгып жана № 727-контурдагы 8,7 га, № 327 контурдагы 3,27 га жерлерин “Айдоо аянты” категориясынан “Эл конуштарынын жери” категориясына которуу жолдорун кенен талкууга алып, Сары-Коо айылдык кеӊешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛДЫ:
1. Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылындагы № 327 контурдагы 3,27 га айдоо аянтын, Эриктүү айылына караштуу № 727 контурдагы 8,7 га айдоо аянтын толугу менен “Айдоо аянты” категориясынан “Эл конуштары жери” категориясына которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Баковго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э.А. |