Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө (ФЭБ башчы Б.Тажиевдин маалыматы)
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысыБ.Тажиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевдин 2019-жылдын 9 айда аткарып келген иштеринде салыктын 2 түрү боюнча аткарууда бир кыйла кемчиликтер кеткени белгиленсин.
2. 2019-жылдын аягына чейин Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө алынуучу салыктын түрлөрү боюнча уюшкандыкта аткаруу жана жетишкендиги жөнүндө маалымат берүү жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.
3. Киреше тармагы салыктардын жана жыйымдардын эсебинин аткарылышы 17901,7 миң сом же 107 %.
Чыгымдар тармагы 14393,6 миң сом же 98 % аткарылышы.
4. Жыл аягына чейин жергиликтүү бюджеттин аткарылышына көзөмөлдүк кылып аткаруу жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин экономика, финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |