Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/2
Кум-Дөбө айыл аймагындагы ФПСтин жана өздөштүрүлгөн жерлерди тактоо жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Осмоновдун ФПСтин жана өздөштүрүлгөн жерлерди тактоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагындагы ФПСтин жана өздөштүрүлгөн жерлерди тактоодо аткарып келген иштеринде бир кыйла кемчиликтер кеткендиги белгиленсин.
2. Жыл аягына чейин айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда ФПСтин жерлерин алган тургундардын толук фамилиясы аты, жөнү, алган участоктордун аты толук жазылып, өздөштүрүп алган айыл тургундардын алган жерлерин мыйзамдуу түрдө алып, арендага алган жерлердин келишимдерин, төлөнүп жаткан салыктарын тактоо менен кийинки сессияда отчёт берип, туруу жагы жер адис Н.Осмоновго тапшырылсын.
3. Кум-Дөбө айылындагы мурунку таштанды чыгаруучу жайды жаап, тегерегин тазалоо иштерин МИ жетекчиси М.Төлөнбековго милдеттендирилсин. Кара-Булуң участкасындагы эски карьердин ордуна жайгаштырып, тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы жер адис Н.Осмоновго тапшырылсын.
4. Жаңы таштанды төгүүчү жердин айланасын тостуруу үчүн тендерге жарыялоо ФЭБ башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана жер реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо, курулуш, байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |