Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/3
“Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканаларынын 9 айлык отчёту жана жыйымдардын чогулушу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, муниципалдык ишканалардын башчылары М.Төлөнбековдун, Э.Токушовдун 2019-жылдын 9 айында жүргүзүп келген иштери жана жыйымдардын чогулушу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Төлөнбековдун аткарып келген иштеринде бир кыйла келтирилген иштери, жыйымдарынын чогулушу араң 45%- ке болгондугу эске алуу менен 20-декабрга чейин бүткөрүү жагы тапшырылсын.
2. “Шамшы” муниципалдык ишканасы башчысы Э.Токушовдун аткарып келген иштеринде, өз убагында жаңы конуштарга суу түтүктөрү киргизилбей жаткандыгы, жыйымдардын чогулушу 51%- ке жеткендигин эске алуу менен 20-декабрга чейин бүткөрүү жагы тапшырылсын.
3. Жогорудагы айыл өкмөтүнө караштуу МИ жетекчилерине айылдардагы жаңы конуштарга суу түтүкчөлөрүн киргизүүдө, кийинки жылга пландап, канча жерлерге суу түтүкчөлөрүн киргизүү жөнүндө сунуштарын берүү жагы жетекчилерине тапшырылсын.
4. Муниципалдык ишканалардын бюджетине түшкөн киреше чыгашасы боюнча көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |