Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-ноябры № 34/4
ЖПБнин жайыт салыгы боюнча жыйымдарынын аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун жайыт салыгы боюнча жыйымдардын аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылдын 10-айында аткарылып келген иштеринде бир кыйла кемчиликтер кеткендиги эске алынсын.
2. 2019-жылда жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен мал баккан чабандардын ортосундагы келишимде айрым чабандардын малдары так саналбай келгендиги, көрсөтүлгөн жерлерге олтурбай эрте көчүп келип, кыштоолорго жана эгин чабыла элек жерлерге келиши, аларга чара көрүлбөй келгендигин эске алуу менен кийинки сессияга чейин маалымат берүү жагы тапшырылсын.
3. Жайыт салымдарын толук чогултуп, 20-декабрга чейин бүткөрүү жагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткарып бүткөрүү жагы ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |